Тоолуу Карабакты миңдеген адамдар таштай качты

Армениянын бийлиги сентябрь айында Азербайжан менен куралдуу кагылыш башталгандан тартып талаштуу Тоолуу Карабак аймагын 90 миңдей адам таштай качканын билдирди. Бул аймакты жалпысынан 150 миңге чукул адам байырлап келген.

Тоолуу Карабактын борбору Степанакерттин тургундарынын көбү Армения, Азербайжан жана Орусия согушту токтотуу тууралуу 9-ноябрда макулдашууга кол коюлганга чейин эле чыгып кеткен. Бул келишимге ылайык, жакында Азербайжандын карамагына өтүшү мүмкүн деген райондордон армян тектүү жарандар жапырт кете баштады жана алардын айрымдары үйлөрүн өрттөп салганы белгилүү болду.

Үч тараптуу келишим боюнча, 1-декабрга чейин Келбажар, Агдам, Лачин району Бакунун карамагына өтөт. Тоолуу Карабактагы кагылышуу учурунда чыгып кеткен качкындар кайтып барат. Ошондой эле талаштуу аймактагы чек араны орусиялык тынчтыкты камсыз кылуучу күчтөрү көзөмөлдөйт.

Бул макулдашуудан кийин Арменияда ири нааразылык акциялары өткөн жана ага катышкандар документке кол койгон премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышкан. Азербайжан болсо макулдашуудан утканын айтып чыккан.