Акин Токталиев Дин иштери боюнча комиссияга жетекчи болду

Укук коргоочу Акин Токталиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда «Азаттык» радиосуна президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, президенттин милдетин аткаруучунун Токталиевди дайындоо тууралуу жарлыгы бүгүн чыкты. Бул кызматты мурда аркалап келаткан Зайырбек Эргешовду президенттин милдетин аткаруучу дагы бир жарлыгы менен кызматынан бошотту.

Акин Токталиев «Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети» коомдук бирикмесинин жетекчиси, диний экстремизм жана терроризм үчүн айыпталып жаткандардын укугун коргогон адвокат катары белгилүү.

 

Ошондой эле ал 2017-2018-жылдары азыркы өкмөт башчы, ошол кезде бийлик өкүлүн барымтага алууга айыпталган Садыр Жапаровдун жактоочусу болгон. Токталиев Жапаровго карата козголгон кылмыш иши саясий мүнөздө экенин айтып чыккан.

2017-жылы мурдагы муфтий, маркум Чубак Жалиловдун экинчи аял алганы тууралуу тараткан видеосуна жана ажылыктан түшкөн кирешеге байланыштуу териштирүүлөрдө да адвокат болгон.

 

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашкан. Премьер-министр Жапаров мамлекеттик кызматтардагы азыркы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштуруларын 29-октябрда өкмөттүк жыйында билдирген.