2021-жылы бюджеттин тартыштыгы 7 миллиард сом болот

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 163 млрд. 26 млн. сом, чыгаша 170 млрд. 64 млн. сом ал эми тартыштык 7 млрд. сом болот деп болжоп жатат.

Бул тууралуу 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «2021-жылдын бюджети жана 2022-2023-жылдарга карата божомолу тууралуу» мыйзамдын долбоорун талкуулоодо айтылды.

Маалыматка караганда, келерки жылы Мамлекеттик салык кызматынан 89 млрд. 850 млн. сом (2020-жылы 93 млрд. сом деп болжолдонгон), Бажы кызматынан 52 млрд. 384 млн. сом (2020-жылы 51 млрд. 653 млн. сом деп пландалган) салык түшөт деп күтүлүүдө.

 

Финансы министрлиги 2021-жылы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кырдаал жөнгө салынып, турукташтырылгандан кийин экономика калыбына келет деп пландоодо. Ага ылайык, 2021-жылы ички дүң өнүм (ИДӨ) 5% өсөт деп болжолдонууда.

Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд. сомду түзөрү белгилүү болгон. Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров 14-октябрдагы парламенттин отурумунда дефицит 42 млрд. сомго чейин жетиши ыктымал экенин айткан.