2021-жылы “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи салттуу түрдө өтөт
2021-жылы “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи салттуу түрдө өтөт. Америкалык телеакадемиянын өкүлдөрү билдиришкендей, иш-чара эпидемиологиялык кырдаалдан улам 2 айга, 25-апрелге жылдырылды. Бирок кинотеатрлар ачылбаса дагы, сыйлык тапшыруу виртуалдуу түрдө болбойт, азем 3 миң 400 орундуу Dolby театрында өтөт. Бирок азырынча анда канча адам жайгаштырылаары айтыла элек.