Япония бензин менен жүрө турган унааларды чыгарууну токтотот

Япония бензин менен жүрө турган унааларды чыгарууну токтотот. “Киодо” агенттиги билдиргендей, Японияда 10 жылдан кийин электр энергия жана суу менен жүрө турган гибрид моторлуу машиналар чыгарылат. Белгилеп ктсек, мындай тапшырманы унаа өндүрүүчүлөргө өлкө премьер-министри Есихидэ Сугунин берди. Анда 2050-жылга чейин абага уулу газдарды бөлүп чыгарууну… Кененирээк…

Академик Мамбет Мамакеевге Гиннес рекорддор китебинин диплому тапшырылды

Академик Мамбет Мамакеевге Гиннес рекорддор китебинин диплому тапшырылды. Улуттук хирургия борборунун Facebook баракчасындагы маалыматка караганда, сыйлык Мамакеевдин 67 жыл 181 күн үзгүлтүксүз иштегени үчүн ыйгарылды. Китептин эксперттери дипломду өздөрү келип тапшырышы керек болчу, бирок дүйнөлүк пандемияга байланыштуу андай кылуу мүмкүн болгон жок. Эске салсак, рекорд… Кененирээк…

Түштүк калаада Жаңы жылга карата башкы балаты тургузулуп жатат

Түштүк калаада Жаңы жылга карата башкы балаты тургузулуп жатат. Бирок, массалык оюндар жана концерттик программа уюштурулбайт, — деп билдирет шаардык маданият бөлүмүнүн жетекчиси Элдияр Кадыркулов. Анын айтымында, балатыны кооздоо үчүн былтыркы оюнчуктар колдонулат. Эскилер сынып-талкаланган учурда гана жаңылары сатып алынат. Иш-чаралардан бир гана кайрымдуулук акциялары… Кененирээк…

Улуттук банк жыл башынан бери 435 миллион 700 миң доллар жоготту

Улуттук банк жыл башынан бери 435 миллион 700 миң доллар жоготту. Кеп, өткөрүлгөн интервенциялар тууралуу болуп жатат. Жалпысынан Башкы каржы мекемеси жыл ичинде 27 ирет валюттук рынокко чыкса анын 11и ноябрь айына туура келет. Бул долларга болгон суроо-талаптын жогору болгонуна байланыштуу. Кошумчаласак, 12-ноябрдан бери АКШ… Кененирээк…

Узап бараткан жыл тарыхта эң сык жылдардын үчилтигине кириши ыктымал

Узап бараткан жыл тарыхта эң сык жылдардын үчилтигине кириши ыктымал, — деп эскертет Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк метеорология уюму. Андан белгилешкендей, пандемиядан улам киргизилген бир катар чектөөлөргө карабастан атмосферада парник газдарынын концентрациясы көбөйгөнү токтогон жок. Окумуштуулар сууда жана кургакта жаңы экстремалдык температураны катташты.

Ош шаарынын көчөлөрүндө милициянын кайгуул кызматы пайда болду

Ош шаарынын көчөлөрүндө милициянын кайгуул кызматы пайда болду. Бул тууралуу novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда 100дөн ашык кызматкер практика жүзүндө иш алып барып жатат. Такшалма 1 айга созулат, андан кийин алар толук кандуу иштөөгө  өтөт. Андан тышкары, кайгуул кызматкерлерине… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Элебесов, Фере, Коммунаров, Кайназарова көчөлөрүндө, ошондой эле “Ак-Босого” конушунда жарык жок болот. Электр энергиянын үзгүлтүккө учурашы оңдоо иштерине байланыштуу.

Бүгүн Жалал-Абад мэри шайланат

Бүгүн Жалал-Абад мэри шайланат. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жусупбек Бейшенбаев билдиргендей, учурда эки талапкер бар. Тиешелүү документтерди кабыл алуу 25-ноябрда токтотулду. Эске салсак, буга чейинки калаа башчысы Муратаалы Тагаев 6-октябрда отставкага кеткен

Жогорку соттун конституциялык палатасы саясий партиянын кайрылуусун канааттандырган жок

Жогорку соттун конституциялык палатасы кайрадан өтө турчу парламент депутаттарын шайлоо мөөнөтүн жылдыруу боюнча саясий партиянын кайрылуусун канааттандырган жок. Сот коллегиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңеш 22-октябрда кабыл алган чечимден Конституцияга каршы иш-аракетти тапкан жок. Ушуну менен Конституциялык палата мыйзам долбоорду мамлекеттин негизги мыйзамына каршы келбейт деп тапты.… Кененирээк…