2021-жылы “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи салттуу түрдө өтөт.
Америкалык телеакадемиянын өкүлдөрү билдиришкендей,
иш-чара эпидемиологиялык кырдаалдан улам 2 айга, 25-апрелге жылдырылды.
Бирок кинотеатрлар ачылбаса дагы, сыйлык тапшыруу виртуалдуу түрдө болбойт,
азем 3 миң 400 орундуу Dolby театрында өтөт.
Бирок азырынча анда канча адам жайгаштырылаары айтыла элек.