Бишкек ЖЭБиндеги өрт электр зымдарынан чыкты

Бишкек ЖЭБиндеги өрт электр зымдарынан чыкты. Бул тууралуу “Электрстанциялары” ишканасынан билдиришти. Андан белгилешкендей, кызматкерлер жабыркаган жок,  конвейерлер зыян тарткан жок. Кабель линияларынын бүтүндүгүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Эске салсак, жылуулук электр борборунун аймагында кечээ күндүз өрт катталды. Жеринде өрт өчүрүү кызматынын 3 бригадасы иштеди

Россияда иштеп жүргөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгек мигранттары үчүн бармак тагын тапшырууну милдеттүү кылуу пландалууда

Россияда иштеп жүргөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгек мигранттары үчүн бармак тагын тапшырууну милдеттүү кылуу пландалууда. Мындай норма мамдумага өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорунда камтылды. Бул Россияга визасыз 90 күндөн ашык же эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштуу узак мөөнөткө кирен чет өлкөлүктөрдүн барына тиешелүү болот. Адатта мындай мөөнөттө визасыз… Кененирээк…

Баткен облусуна 9 тез жардам унаасы тапшырылды

Баткен облусуна 9 тез жардам унаасы тапшырылды. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, атайын техникалар Ислам өнүктүрүү банкынын COVID-19 менен күрөшүү долбоорунун алкагында алынды. Ушуну менен облус боюнча тез жардам унааларынын саны 53тү түздү. Техникаларга болгон муктаждыкты жоюу иштери уланат

Бишкектин Чокан көчөсүндө жайгашкан калкты тейлөө борбору кадимки режимде ишин жандантты

Бишкектин Чокан көчөсүндө жайгашкан калкты тейлөө борбору кадимки режимде ишин жандантты. Бул тууралуу novosti.kgге мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, анда жайгашкан Унаа тейлөө жана чалуу борборлору жарандарды кабыл алып, кызмат көрсөтүп жатат. Эске салсак, кечээ борборлор жайгашкан ири соода аймагында өрт чыкты. Андан улам,… Кененирээк…

Кыргызстандын бардык аймактарында дарыгер жана медайымдар окутуудан өтөт

Кыргызстандын бардык аймактарында дарыгер жана медайымдар окутуудан өтөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, мындай чара болжолдуу түрдө күтүлүп жаткан коронавирустун жаңы толкунуна даярдануу максатында көрүлүүдө. Окутууларды мартка чейин медицина кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топ жүргүзөт. Өзгөчө көңүл ковидге чалдыккан бейтаптын дартын аныктоо жана дарылоо боюнча сунуштарына бурулат

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Латвияда гана өтөт

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Латвияда гана өтөт. Эл аралык хоккей федерациясынан билдиришкендей, бул дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалга жана техникалык маселелерге байланыштуу. Ушуну менен муз үстүндөгү спорт боюнча биринчилик Рига шаарында 21-майдан 6-июнга чейин пландалды. Белгилеп кетсек, буга чейин өлкөсүндөгү башаламандыктардан улам Белорусия чемпионатты өткөрүү укугунан ажыратылган.

Кыргызстандыктар дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар

Кыргызстандыктар дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар. Бул оптимизм жана бактылуулук боюнча эл аралык сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду. Рейтингде бизден кийин эле Азербайжан, үчүнчүдө Колумбия жайгашты. Алдыңкы бешилтикке Нигерия жана Казакстан кирди. Кыргызстан ошондой эле оптимисттер өлкөлөрүнөн 4-орунга илинди. Ал эми пессимисттер өлкөлөрүнүн алдыңкы сабын Улуу Британия… Кененирээк…

Бишкек тургундары унду арзандатылган баада сатып алса болот

Бишкек тургундары унду арзандатылган баада сатып алса болот. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, Карадарыя жана Кулиев көчөлөрүндөгү атайын түйүндөрдө биринчи сорттогу ундун килограммын 24 сомдон, ал эми экинчи сорттогуну 16 сомдон сатып алса болот. Мындай арзандатууларды мамлекеттик материалдык резервдер фонду ишке ашырууда. Белгилеп кетсек, калаа дүкөндөрүндө… Кененирээк…

Кыргызстанда 2 жума аралыгында мектептер кадимки режимде билим берүүгө кайтып келиши мүмкүн

Кыргызстанда 2 жума аралыгында мектептер кадимки режимде билим берүүгө кайтып келиши мүмкүн. Бирок, коронавирустун жаңы штаммы катталбай турган болсо гана, — деп билдирет билим берүү министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев. Эске салсак, Бишкек мектептерине 1-февралдан тарып бардык класстын окуучуларын кабыл алуу пландалган. Бирок эпидемиологиялык абалга… Кененирээк…