Улуттук банк эсептик ченди 11 пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, чечим бүгүн, 30-апрелде күчүнө кирди.
Кыргызстанда инфляциялык процесстер жайлап жатат. Апрелде жылдык инфляциянын деңгээли 5,2 пайызды түзүп, акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчү 5-7 пайыздын төмөнкү чегине жакын түптөлгөн.