Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланат

Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланат. Бул тууралуу 24 агенттигине парламенттин басма-сөз кызматынан билдиришти. Белгилеп кетсек, редакция учурда лингвистикалык экспертизадан өтүп жатат.   Андан кийин депутаттар Негизги мыйзамды кабыл алуу боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамын кабыл алышы керек.   Алдын ала маалыматка ылайык, ал … Кененирээк…

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын бир бөлүмү убактылуу иштебейт

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын бир бөлүмү убактылуу иштебейт. Кеп, Төмөнкү Ала-Арча айылындагы бөлүм тууралуу болуп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей,  бүгүн аталган аймакта “Түндүк электрдин” кызматкерлери бутактарды алуу, зымдарды тартуу иштерин жүргүзүп жатат. Андан улам электр энергиясы кечки 5ке чейин жок болот. Борбордун иши эртең кадимки… Кененирээк…

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментиндеги коррупциялык схеманы ачыктады

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментиндеги коррупциялык схеманы ачыктады. Департамент кызматкерлери фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрүнөн препараттарды каттоо жана экспертиза жүргүзүү үчүн акча талап кылууга шектелип жатат. Ошондой эле кызматкерлер пандемия убагында сапаты начар дары-дармектерди алып кирүүгө жана коррупциялык кылмыштарга шектелүүдө. Текшерүүлөрдүн… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар көбөйө баштады

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар көбөйө баштады. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей,  бүгүн вирус 116 адамдан аныкталды. Бул көрсөткүч акыркы күндөргө салыштырмалуу көп. Буга чейин ооруну жуктургандардын саны 60тан ашкан эмес. Белгилеп кетсек, өлкөдө пандемия башталгандан бери  ковид жуктуруп алгандардын расмий саны 84 миң 762ге жетти. Анын 1… Кененирээк…

Өзгөн районунда заманбап муниципалдык базар пайда болот

Өзгөн районунда заманбап муниципалдык базар пайда болот. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда инвесторлорду тартуу иштери жүрүүдө. Тиешелүү түзүмдөргө жер маселесин чечүү тапшырмасы берилди. Белгилеп кетсек, буга чейинки Өзгөн базары мындан 35 жыл мурда курулган. Соода аймагы тыгындарды пайда кылып, унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратып келет.

Акыркы суткада 130 адам коронавирустан айыгып чыкты

Акыркы суткада 130 адам коронавирустан айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, сакайгандардын басымдуусу Бишкекке, Чүй жана Ысык-Көл облустарына туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча 81 миң 232 адам ооруну жеңип чыкты

Алексей Навальный 3,5 жылга камакка алынды

Россиялык оппозиционер Алексей Навальныйга карата Москва шаардык сотунун өкүмү чыкты. Сот аны 3,5 жылга камакка алууну чечкен. 2-февралда кечки саат 20:00де өкүм окулуп, Навальный жалпы режимдеги абакка жөнөтүлгөн. Ага карата камакта калтыруу баш коргоо чарасы өзгөргөн жок. Бул иш жаңы тергелип баштаганда Навальный үй камагында… Кененирээк…

Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды

Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, 2-февралда саат 13:40та Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3… Кененирээк…

Кыргызстанда февраль айынын аба-ырайы сюрприздерди тартуулабайт

Кыргызстанда февраль айынын аба-ырайы сюрприздерди тартуулабайт. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, кыштын акыркы айында өлкөнүн түштүгүндө абанын табы нормадан жогору болот, ал эми түндүгүндө орточо эсептен көтөрүлбөйт. Буга карабай түштүк облустарда жаан-чачын көп болушу ыктымал. Негизинен көрсөткүч нормадан ашпайт.

Ошто Салиева көчөсү толук оңдоп-түзөөдөн өтөт

Ошто Салиева көчөсү толук оңдоп-түзөөдөн өтөт. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда тилкенин боюндагы көп кабаттуу үйлөрүн айланасында мыйзамсыз орнотулган жеңил конструкциялар, тосмолор алынып жатат. Иштер Жайдалик көчөсүнөн Касымбековго чейин аткарылууда. Шаар бийлиги жолдун катмарын жаңыртып, тротуарды кеңейтип, муниципалдык унаа токтотуучу жай куруп, районду жашылдандыруу ниетинде