Бишкекте эмки жумада күн кескин ысышы күтүлөт

Бишкекте эмки жумада күн кескин ысышы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, температура нормадан дээрлик 15 градуска жогору болот.                    18-19-февралда күндүз күн 22 градуска чейин жылыйт.   Ал эми түнкүсүн мамычалар +10…12 градусту көрсөтөт. Эске салсак, февралдагы эң жылуу температура рекорду 2016-жылы орнотулган. Анда 26-февралда күн 25… Кененирээк…

Дүйшөмбүдөн тарта 10 шаардын мектептерине электрондук кезек менен  1-класстарга балдарды кабыл алуу башталат

Дүйшөмбүдөн тарта 10 шаардын мектептерине электрондук кезек менен  1-класстарга балдарды кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.   Анын айтымында, системага катталуу 15-февралда старт алып, 15-августка чейин созулат. Программа Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта жана Кызыл-Кыя шаарларында киргизилген.   Ошондой… Кененирээк…

Коронавирустан эмдөө ыктыярдуу түрдө жасалат

Коронавирустан эмдөө ыктыярдуу түрдө жасалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады. Анын айтымында, биринчилерден болуп вакцинаны дарыгерлер, мугалимдер жана калктын аярлуу катмары алат.   Андан кийин жеке медициналык борборлор дагы тартылып, каалоочулардын бардыгы эмдөө жасатса болот.   Жарандарды вакцина жасатууга эчким… Кененирээк…

Сот муфтияттын башкы эсепчисин эки айга камакта калтырды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (Муфтият) башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиевдин бөгөт чарасы бүгүн, 12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, ал эки айга камалды.   Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, Бекиев 10-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат. 10-февралда УКМК Бекиевди мыйзамсыз… Кененирээк…

Израилде пандемия тузагынан чарчагандар үчүн чер жазып алуунун өзгөчө ыкмасы сунушталды

Израилде пандемия тузагынан чарчагандар үчүн чер жазып алуунун өзгөчө ыкмасы сунушталды. Терс энергиядан арылуу үчүн адамдар топ менен чогулуп алып, катуу кыйкырышат.   Бул үчүн алардын атайын машыктыруучусу дагы болот. Израилдиктер эмне деп кыйкырганы такталбайт.

Facebook социалдык тармагы саясий темалардагы публикациялардын санын кыскартуу ниетинде

  Facebook социалдык тармагы саясий темалардагы публикациялардын санын кыскартуу ниетинде. Мындай эксперимент учурда Бразилия, Индонезия жана Канадада жүрүп жатат.   Өткөн жумада эле “Фейсбуктун” негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдиргендей, колдонуучулар саясий темалар өтө эле көп болгонуна арызданышууда. Бул чектөөлөр кандай жол менен ишке ашырылат, азырынча белгисиз.

Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2,4 миллиард доллар которду

Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2,4 миллиард доллар которду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 2019-жылдагы каражаттын көлөмү менен салыштыра турган болсок, бул 1,2 пайызга же 29 миллион 700 миң долларга аз.   Адаттагыдай эле, которуулардын басымдуу бөлүгү Россиядан келет – 2 миллиард 325 миллион доллар.

Германияда карантин чаралары кайрадан узартылды

Германияда карантин чаралары 7-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Басылмалардын жазган маалыматына ылайык, аталган өлкөдө карантин чаралары 7-мартка чейин узартылганын жыл жыйынтыгы боюнча жыйында канцлер Ангела Меркель айтты.   «Карантиндик чаралардын негизинде ресторандар, кафелер, театрлар, сулуулук салондору, музейлер жана кинотеатрлар жабык бойдон калууда.… Кененирээк…

Президент конституциялык референдумду 11-апрелде өткөрүүнү сунуш кылды

Президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга байланыштуу дагы бир референдум өткөрүү керектигин белгилеп, аны жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен чогуу өткөрүүнү парламентке сунуштады.   Бул тууралуу ал Коомдук телерадиоберүү корпорациясына курган маегинде билдирди.   «Анткени биз азыр эски Конституция менен жашап жатабыз. Жаңы… Кененирээк…