Жалал-Абад шаарынын бюджети бекитилди

Жалал-Абад шаарынын бюджети бекитилди.

Турмуш басылмасы билдиргендей, быйылкы жылдын бюджети 528 миллион сомду түзүп,

сумма былтыркыга салыштырмалуу 37 миллион сомго көп болду. Быйыл шаарда муниципалдык базар,

асфальт завод куруу жана эс алуу бактарын, бала бакча, бир катар социалдык объектилердин

имараттарын жана аялдамаларды калыбына келтирүү пландалууда. Калаа башчысы Эрнис Ормоков

белгилегендей, айрым долбоорлор ишке ашып калса сумманын көлөмү көбөйүшү ыктымал.