Бишкекте мектептер жана бала бакчалар каражаттын жетишсиздигинен ачылбай жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Ордо калаа вице-мэри Айжан Чынабаева ишендиргендей, сатып алына турчу каражаттын бары бюджетке киргизилген.
Ушул сыяктуу соцтармактарда жалган маалыматтар тарап жатат. Вице-мэр кошумчалагандай, муниципалитет
мектептерде билим берүүнү жандантууда биринчи кезекте балдардын ден-соолугуна көңүл бурат.