«Бавария» клубдар арасында дүйнө чемпиону аталды.
Р-Спорт басылмасы билдиргендей, германиялык команда Мексиканын
«ТИгрес» курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Оюнда жалгыз голду 59-мүнөттө
БенжамЕн ПавАр киргизди. Финалдык беттеш Катардын Эр-Райян шаарында өттү.
Германиялык команда муну менен 2-ирет аталган мелдештин жеңүүчүсү болду.
«Бавария» алгачкы ирет 2013-жылы клубдар арасындагы дүйнө чемпионатында
Марокконун «Раджа» клубун жеңген