Россия Кыргызстанга коронавируска каршы 500 миң доза вакцина берет

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы 500 миң доза вакцина берет.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Тиешелүү макулдашуу эки өлкө министрлери ортосунда жетишилди. Бейшеналиевдин айтымында,

“Спутник V” вакцинасын алып келүү боюнча маселе чечилди, эми препарат этабы менен Кыргызстанга жеткирилет.

Ошондой эле Россияда жүргөн кыргызстандыктар дагы бекер эмдөөдөн өтөт”, — деп кошумчалады министр.