Диетологдор эртең менен туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керектигин айтып беришти

Диетологдор эртең менен туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керектигин айтып беришти.

Эртең мененки тамакта колдон келсе белокко жана майга бай жумуртка, авокадо, Омега-3 май кислотасына бай лосось болушу керек.

Ал эми түштөнүү менен кечки тамактын жарымы жашылча менен көк чөптөн турушу зарыл.

Шам-шум эте калганда жаңгак, семичке чагып, быштак же грек йогуртун жесе болот.

Арыктайм дегендер калориялуу тамактардын бардыгынан баш тартып, кээ бир тамактарды такыр жебей койбошу керек.

Мындай ыкма психологиялык көйгөйлөргө алып келип, адамды кайра толдуртат.

Ошондуктан салмак таштоонун башында калорияны аз-аздап кыскартуу керек.