Россия Кыргызстанга көрсөтө турган жардамдын дагы бир түрү белгилүү болду

Россия Кыргызстанга көрсөтө турган жардамдын дагы бир түрү белгилүү болду.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдиргендей, биздин өлкөгө 100 өрт өчүрүүчү техника жана

тик учак жөнөтүлөт. Жардам кайтарымсыз негизде берилет. Андан тышкары, эки өлкө өкүлдөрү ортосунда

кыргызстандык курсанттар Россияда бекер окутулуп, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу

боюнча макулдашуу жетишилди. Бул үчүн Россия тарап тиешелүү органдарга тапшырмаларды берди.