Бишкекте мектептер жана бала бакчалар 1-мартта ачылбайт

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар 1-мартта ачылбайт.

Вице-мэр Айжан Чыныбаева билдиргендей, калаа бийлиги мекемелерди ачууга даяр,

бирок акыркы чечимди чыгаруучу республикалык штаб уруксаат берген жок.

Талап боюнча балдар шахматтык негизде отургузулуп, бир катар эрежелер сакталышы керек.

Бирок мектептерде балдар жыш жайгашкандыктан норманы толук сактоо мүмкүн эмес.

Учурда билим берүү мекемелеринде COVIDге чалдыккан балдарды аныктоо боюнча

мониторинг жүргүзүлүп жатат. Белгилеп кетсек, ордо калаа мектептеринде

балдардын топтолушу 211 пайызды түзөт. Жалпысынан 200 миң окуучу бар.