Бали бийлиги COVID-19га карата эмдөөдөн өткөн чет өлкөлүк жарандарга аралды ачуу маселесин карап жатат

Бали бийлиги COVID-19га карата эмдөөдөн өткөн чет өлкөлүк жарандарга аралды ачуу маселесин карап жатат. Жергиликтүү басылмалар билдиришкендей, бийлик өкүлдөрү туристтик индустрияны жандантуу жана провинцияларга трэвел уюштуруу ниетинде. Андыктан, өлкөсүндө массалык вакцинация жүргүзүлгөн өлкөлөрдүн, мисалга алсак Кытайдын жарандарында жакынкы арада Балиге барып эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. 3-мартка чейин Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Красная Горка – Ак-Таш, Арал – Миң-Куш, Каракол – Эңилчек жана Казарман – Актал-Чат унаа жолдорунда кар массалыры түшүшү күтүлөт. Аталган тилкелерге… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерге ат салышкан партиялар шайлоого карата түзүлгөн тизмедеги талапкерлеринин ордун алмаштыра алат

Жергиликтүү кеңештерге ат салышкан партиялар шайлоого карата түзүлгөн тизмедеги талапкерлеринин ордун алмаштыра алат. Бул тууралуу 24 агенттигине Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында, мындай норма жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамында жазылган. Кошумчаласак, бүгүнкү күндө Бишкек шаардык кеңеш депутаттыгына шайлоого 26 партия… Кененирээк…

Февралдын аягына карата эң кымбат көмүр Баткен жана Ош облусунун аймактарында

Февралдын аягына карата эң кымбат көмүр Баткен жана Ош облусунун аймактарында. Мындай маалыматты улуттук статистика комитетинен беришти. Андан белгилешкендей, февралда январга салыштырмалуу кара отундун тоннасы орточо эсеп менен 52 сомго же 1 пайызга арзандады. Эң кымбат көмүр Ноокатта – тоннасы 7 миң 900 сомго бааланат.… Кененирээк…

Бишкекте мектептер 1-мартта ачылбайт

Бишкекте мектептер 1-мартта ачылбайт. Бул тууралуу novosti.kgге мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Муниципалитеттен белгилешкендей, калаа бийлиги салттуу билим берүүгө даяр, бирок акыркы чечимди республикалык штаб кабыл алат. Өз кезегинде штаб мектептерди ачууга уруксаат бере элек. Эске салсак, Бишкекте 1-5-9-11-класстын гана окуучулары мектептерге кайтып келишкен.

Балыкчыдагы Орто-Токой суу сактагычында мындан ары муз тебүүгө болбойт

Балыкчыдагы Орто-Токой суу сактагычында мындан ары муз тебүүгө болбойт. Бул күн жылып, муз эрип кеткенине байланыштуу. Анын айланасына эскертүү такталары илинди. Балык чарба департаменти, суу сактагычка сига суу жандыгынын 1 миллиондон ашык чабагын сууга кое берди. Ошондой эле жергиликтүү жаштар суу сактагычтын айланасын ирээтке келтирип,… Кененирээк…

Электр энергиясына карызы бар 5 миң керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт

Электр энергиясына карызы бар 5 миң керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт. «Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, аралыктан өчүрүүлөр 1-мартта жүргүзүлөт. Жарандар жарыксыз калбашы үчүн карыздарды өз маалынан кечикпей төлөө сунушталат. Төлөмдөрдү терминал, электрондук капчык, банк жана почта аркылуу жүргүзсө болот.

Россия Кыргызстанга буудай, күн караманын үрөөнүн жана кумшекер жеткирип берет

Россия Кыргызстанга буудай, күн караманын үрөөнүн жана кумшекер жеткирип берет. Бул тууралуу айыл-чарба министрлигинен билдиришти. Макулдашуу эки өлкө министрлери ортосунда жетишилди. Ведомстводон белгилешкендей, жетиштүү көлөмдөгү буудайды жеткирүүлөр апрелде башталат. Ошондой эле кумшекер жеткиликтүү баада берилет. Андан тышкары, эки тарап балык чарба тармагында кызматташуу боюнча документке… Кененирээк…

Бишкекте бала бакчаларды ачуу суроосу дагы эле чечиле элек

или Бишкекте бала бакчаларды ачуу суроосу дагы эле чечиле элек. Буга чейин  ордо калаа бийлигинен алдын-ала 1-марттан тартып мектепке чейинки даярдоо мекемелери ишин жандантарын билдиришкен. Бирок келе жаткан дүйшөмбүдөн тартып ата-энелерге балдарын бакчаларга алып барышы керек экендиги айтыла элек. Өз кезегинде шаардын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору… Кененирээк…

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары кардан тазаланып, кыймылга ачылды

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары кардан тазаланып, кыймылга ачылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Каракол – Эңилчек трассасы азырынча жабык. Анда кар жаап, көчкү түшкөн. Учурда унаалар өтө турган тилкеси толук тазаланып бүтө элек. Бишкек — Ош жана Тараз — Талас — Суусамыр негизги жолдору толук кыймылга ачылды,… Кененирээк…