Казакстанда коронавируска каршы массалык түрдө эмдөө башталды

Казакстанда коронавируска каршы массалык түрдө эмдөө башталды. Вакцинация россиялык «Спутник V» препараты менен ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Февралдан июнь айына чейин вакцинанын 860 миң дозасы алынып келинет. Эмдөө биринчи кезекте медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, полиция жана аскер кызматкерлерине жүргүзүлөт

Бириккен Араб Эмирлигинин бийлиги алгачкы ирет чет өлкөлүктөргө жарандык алууга уруксат берди

Бириккен Араб Эмирлигинин бийлиги алгачкы ирет чет өлкөлүктөргө жарандык алууга уруксат берди. Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү кабыл алынды. Жарандыкты өлкөнүн экономика министрлиги тарабынан кабыл алынган Эмирликтин аймагында кыймылсыз мүлккө ээ же патентке ээ болгондор жана инвесторлор ала алышат. Ошондой эле өлкө паспортуна дарыгерлер, инженерлер, окумуштуулар… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базар көчүрүлөт

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базар көчүрүлөт. Калаа мэри Эрнис Ормоковдун айтымында, жаңы муниципалдык соода аянтын Москва жана Курманбек көчөлөр аймагында түзүү пландалууда. Калаа башчысы белгилегендей, базарды көчүрүү чарасы борбордук кыймылга тоскоолдук жаратат, андагы электр мамылары талаптарга жооп бербейт

Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 5ке чейин Муса Жалил, Кантемиров, Садовый, Пархоменко көчөлөрүндө, Ынтымак жана Ак-Босого конуштарында электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу

“Ак-Жол” өткөрүү түйүнүн оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында аякташы керек

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү түйүнүн оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында аякташы керек. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, өткөрүү түйүндү калыбына келтирүү иштери жыл жаңырганда эле жыйынтыкталмак. Бирок пандемиядан улам жумуштарды аяктоо мөөнөтү кечиктирилди. Белгилеп кетсек, түйүн аркылуу күнүнө 10 миң адам жана миңден ашык унаа өтөт.… Кененирээк…

Бишкектин мектеп жана бала бакчаларын толугу менен офлайн-режимге өткөрүү мөөнөтү жылдырылды

Бишкектин мектеп жана бала бакчаларын толугу менен офлайн-режимге өткөрүү мөөнөтү жылдырылды. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, бул эпидемиологиялык абалга байланыштуу. Эске салсак, буга чейин 1-февралдан тартып ордо калаадагы бардык класстын окуучулары салттуу режимде билим алаары айтылган. Бүгүнкү күндө бир гана 1, 5, 9 жана 11-класстын… Кененирээк…

Быйылкы жылдын эсебинен алгачкы интервенция өткөрүлдү

Быйылкы жылдын эсебинен алгачкы интервенция өткөрүлдү. Сомдун кунун бекемдөө үчүн Кыргызстандын Улуттук банкы 45 миллион 700 миң доллар менен валюта рыногуна чыкты. Бул 2020-жылдын мартынан берки ири интервенция болду. Кошумчаласак, учурда ордо калаадагы акча алмаштыруу жайларында доллар 84 сом 70 тыйындан сатып алынып, 84 сом… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстан тышкы карызды төлөөгө 21 миллиард 602 миллион сом сарптайт

Быйыл Кыргызстан тышкы карызды төлөөгө 21 миллиард 602 миллион сом сарптайт. Сумманын басымдуу бөлүгү негизги карызга, азыраагы пайыздык төлөмдөргө жумшалат. Каржылык тейлөөлөр 6 валютада ишке ашырылат. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө өлкө карызы дээрлик 4 миллиард 900 миллион долларга жетти