WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болду.
Эми компьютер аркылуу дагы аудио жана видео чалууларды жүргүзүү мүмкүн.
Бирок учурда бир гана адамга чалса болот, келечекте топтук чалууларды дагы
ишке киргизүү пландалууда. Кошумчаласак, WhatsApp мессенджеринин компьютер
үчүн тиркемеси 2016-жылы чыккан. Бирок андан аудио жана видео чалуулар мүмкүн эмес болчу.