Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды

Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды.

Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды

Маалыматка ылайык, Минск шаарындагы мелдеште узундукка секирүү боюнча Светлана Майер

биринчи орунга жетип алтын медалга татыган. Анастасия Бондаренко 200 жана 60 метрге чуркап коло менен

күмүш медаль алса, ал эми Артем Слесаренко 60 метрге чуркап коло медалга ээ болгон.

Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта

үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.

Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.