Ысык-Көл облусунда эки үй-бүлөлүк медициналык борбор пайда болот

Ысык-Көл облусунда эки үй-бүлөлүк медициналык борбор пайда болот.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык мекемелер

Түп районунун Санташ жана Кутургу айылдарына туура келет. Эки долбоорду ишке ашырууга

34 миллион сом керектелет. Сумма чет элдик донор тарабынан бөлүнөт. Ошондой эле

мекемелерди жабдуулар менен камсыздоо иштери да чет элдик демөөрчү тарабынан болот.

Күтүлгөндөй, курулуш иштери быйыл декабрга чейин аяктап калат.