Бишкекте рульдагы айымдарга гүлдестелер тартууланып жатат.
Бул тууралуу novosti.kgге милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Кызматкерлер ордо калаанын 4 районуна бөлүнүп, унаа башкарган айымдарга
8-март майрамына карата гүлдестелерди жана таттууларды ыйгарышууда.
Эске салсак, мындай иштер салтка айлангандай жыл сайын аткарылып турат.