БШКнын алдындагы арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобуна 34 арыз келип түшкөн.
Бул тууралуу маалымат жыйында аталган жумушчу топтун жетекчиси Алмаз Асаналиев билдирди.
Анын айтымында, арыздар 9-февралдан 10-апрелге чейин түшкөн.
“Анын алтоосу арыз ээси тарабынан кайра кайтарылган. Аймактар боюнча Бишкектен 15, Чүйдөн 9, Ош шарынан 2, Ош облусунан 3, Жалал-Абаддан бир, Баткенден 3, Талас шаарынан бир арыз-даттануу келген. Бул боюнча БШК 17 чечим кабыл алды. 3 арыз сот органдарына берилген”, — дейт ал.
Асаналиев арыздар төмөнкү мүнөздө болгонун айтат.
— үгүт иштеринин талаптарын бузуу боюнча 6;
— аймактык шайлоо комиссиясынын аракетине карата 7;
— аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерине карата 16;
— админресурс боюнча 1;
— каттоодон талапкерлерди четтетүү боюнча 1;
— билип туруп жалган маалымат таратуу боюнча 2;
— ар түрдүү мүнөздө бир арыз.
“Ар бир арыз каралууда. Кароонун жыйынтыгында бузуулар такталса, партиянын талапкерлиги алынып,
добуштун жыйынтыгын жокко чыгаруу сыяктуу кескин чаралар көрүлөт”, — деп белгиледи ал.