Бишкек шаардык кеңештеги 45 орунга 1820 талапкер ат салышууда

Бишкек шаардык кеңештеги 45 орунга 1820 талапкер ат салышууда.

Анын 729у аялдар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык кеңештин

депутаттарын шайлоого 25 саясий партия талапкерлерин көрсөткөн.

Башкалаада жергиликтүү кеңештерге шайлоого 419 миң 901 шайлоочу катталган.

Ал эми референдумга катталган шайлоочулардын саны 420 миң 787 киши.

Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана

420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоо менен кошо президенттик

башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду