Бүгүн референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону 183 эл аралык байкоочу көзөмөлдөп жатат

Бүгүн референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону 183 эл аралык байкоочу көзөмөлдөп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча,  200дөн ашык массалык мааалымат каражаты чагылдырууда.

Шайлоо процессин 11 коомдук уюм көзөмөлдөп, дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 179 журналист каттоодон өткөн.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумга коюлду.