Шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылууда

Шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылууда.

Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, күч түзүмдөрү атайын даярдыктан өткөн. Мындан сырткары,

ар бир шаар, райондо аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен милициядан турган ыкчам аракет кылчу координациялык топтор түзүлгөн. Алар кырдаалга көзөмөл жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталса дароо чара көрүшөт.

Ар бир шайлоо участкаларында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук камсыз кылынганы кошумчаланды.

Участкалар тез-тезден дезинфекцияланып, шайлоочулар бир эшиктен кирип, башка эшиктен чыгышат.

Ошондой эле ар биринин дене табы текшерилип киргизилет.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жана референдум боюнча консультация же суроолоруна жооп алуу үчүн кыргызстандыктар 1255 кыска номерине чалса боло турганын эскертти.