Түркмөнстанда алабай тукумундагы иттердин ээлерине азык-түлүк берилет

Эми Түркмөнстандын Мары шаарында алабай тукумундагы иттердин ээлерине азык-түлүк берилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алабай тукумундагы иттин ээлери айына 7 килограммдан ун алышы керек, анын килограммы 1 манаттан (24 сом 20 тыйын). Бул үчүн алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дүкөндөрүнө ветеринардык документтерин тапшырышы керек.

Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү азык-түлүктүн бөлүштүрүлүшү боюнча расмий комментарий беришкен эмес.

Алабай тукумундагы иттердин ээлери азык-түлүктүн киргизилиши менен бийликтин бул тукумду өлкөнүн аймагында аныктоо жана каттоо аракетине байланыштуу болушу мүмкүн деп тынчсызданышууда. Анткени көпчүлүк адамдар алабай тукумундагы иттерин көбөйтүү үчүн каттоосуз багышат. Мындан тышкары, көптөгөн таза кандуу алабайлар айыл жеринде жашашат, мал чарбасында жана жайлоолордо малдарды коргоо үчүн колдонулат.
https://www.super.kg/kabar/news/356087/