Айсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет Азия чемпиону болду. Мелдеш ушул тапта Алматы шаарында өтүп жатат. Биринчиликте Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, финалда монголиялык Болортуей Хурелхууну 11:0 эсебинде жеңип, алтын медаль алды.
Финалга чейин Тыныбекова төрт беттеш өткөрүп, Индиядан, Казакстандан, Түштүк Кореядан жана Өзбекстандын чыккан атаандаштарын уткан.