Кыргызстан Азербайжанда мектеп курат

Кыргызстан Азербайжандын Агдам шаарына мектеп курат. Азербайжан Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана салат. Мындай келишим кечээ Бакуда өткөн Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынынын жыйынтыгында жетишилгени белгилүү болду.

 

Мындан тышкары, Баку шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды.

 

Эске салсак, Садыр Жапаров учурда мамлекеттик сапар менен Азербайжанда жүрөт.