Ош облусунун Маданият айылындагы мектептин курулушу 90 пайызга аяктады

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылындагы №42 мектептин курулушунун бүткөрүлүшү 90 пайызга аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, имараттын курулушу 2020-жылдын январь айында башталган, мектеп 225 окуучулук орунга эсептелген.

«Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички жана тышкы келбеттердин сырдоо иштери аяктоодо. Учурда эмерек менен камсыздоо жана аймакты абаттоо боюнча жумуштары жүргүзүлүүдө.

 

Мектептин курулуш иштеринин сметалык баасы 890 миң 800 долларды түзөт.

 

Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен каржыланат. Бүгүнкү күнгө фонд тарабынан 389 миң 583 доллар каржыланды«, — деп жазылат маалыматта.

 

Мектептин курулушун аяктоо 2021-жылдын май айына пландалууда.