Кыргызстандын АКШдагы ыйгарымдуу элчиси болуп Бактыбек Аманбаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Аманбаев 2013-15-жылдары Кыргызстандын акыйкатчысы болуп иштеген.
2020- жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин февралга чейин өкмөт аппаратын жетектеген. Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен АКШдагы буга чейинки элчи Болот Отунбаев кызматынан бошотулду.