Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр орун алды
Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Ордо калаа бийлигинин маалыматына ылайык, Виктория Мозгачева кайрадан социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду. Буга чейин аталган кызматты Айжан Чыныбаева ээлеп келген.