Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт. «Бишкекгаз» кызматынын маалыматына караганда, 6-майдан 8-майга чейин чоң Чүй каналы, Курманалиев, Лермонтов көчөлөрү, Чүй проспекти, Осмонкул, Жибек Жолу, Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта көгүлтүр от убактылуу өчүрүлөт.

 

Мындай чектөөнүн себеби ремонт иштерине байланыштуу.