Бишкек, Ош жана Токмокто жергиликтүү кеңеш депутаттарын кайра шайлоо өтөт

Бишкек, Ош жана Токмокто жергиликтүү кеңеш депутаттарын кайра шайлоо өтөт. Дагы бир ирет кампанияны өткөрүүгө 200 миллион сомго чейин жумшалышы мүмкүн, — деп 24 агенттигине БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.   Анын айтымында, эң чоң чыгашалар комиссия мүчөлөрүнүн айлыгына жумшалат. Шайназаров белгилегендей, шайлоону кайра өткөрүү… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат. “Түндүкэлектрден” билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Абдыкадыров, Матыев, Шопоков, Гагарин, Айни, Бакаев, Леваневский, Логвиненко көчөлөрүндө, Манас, Жибек Жолу проспектилеринде жана Көк-Жар, Арча-Бешик, Келечек конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын директору болуп Эсен Шерботоев дайындалды

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын директору болуп Эсен Шерботоев дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.   Буга чейин Шерботоев  өкмөт аппаратында транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенген.