“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын директору болуп Эсен Шерботоев дайындалды

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын директору болуп Эсен Шерботоев дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

 

Буга чейин Шерботоев  өкмөт аппаратында транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенген.