Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде үчүнчү орунга түшүп калды

АКШлык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде үчүнчү орунга түшүп калды.   Андан Louis Vuitton компаниясынын президенти Бернард Арно өтүп кетти.   Маск өткөн суткада 3 миллиард доллар жоготуп, байлыгы 160,6 миллиард долларды түздү.  Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос лидерлигин сактап калды. Анын… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөө 115 борбордо өтүп жатат

Жалпы республикалык тестирлөө 115 борбордо өтүп жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, борборлордо медициналык түйүндөр уюштурулуп, дарыгерлер жана милиция кызматкерлери нөөмөттө турат.   Бүтүрүүчүлөрдүн дене табы текшерилип, жеке коргонуучу каражаттар тапшырылууда. Эске салсак, ЖРТга 42 миң 817 окуучу катталган. Тестирлөө 23-майга чейин уланат.

Кыргызстанда 64 миңден ашуун адам коронавирустан эмделди

Кыргызстанда 64 миңден ашуун адам коронавирустан эмделди. Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, россиялык “Спутник V” вакцинасы толугу менен сайылып бүтүп, экинчи дозасы гана калды.   24-25-майга чейин 75 миң кишиге эсептелген кытайлык Sinopharm вакцинасы дагы бүтөт. Андан соң июнда Asrta Zeneca вакцинасынын 210… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын куну дагы төмөндөп, 83 сомдук чекке түштү

Кыргызстанда доллардын куну дагы төмөндөп, 83 сомдук чекке түштү. Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 83 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 83 сом 90 тыйынга сатышууда.   Жуманын башынан бери ал   50 тыйынга арзандады. Адистер доллардын курсунун төмөндөшүн ага болгон суроо-талаптын азайганы… Кененирээк…

Галапагос аралдарындагы Дарвиндин аркасы урап түштү

Галапагос аралдарындагы Дарвиндин аркасы урап түштү. Миңдеген жылдар бою созулган эрозия чокуну табигый көпүрөгө айлантып, эми гана, 21-кылымда аны талкалады.   Бул суктанарлык жер 234 аралдан жана айрым тектерден турган архипелагдын курамына кирген, адам жашабаган Калпеппер аралынан бир чакырым алыстыкта жайгашкан.   Британиялык илимпоз Чарльз Дарвиндин ысымын алган… Кененирээк…

«Барселонанын» башкы машыктыруучусу Рональд Куман кызматтан кетет

Испаниянын «Барселона» футболдук клубунун жетекчилиги клуб «Сельта» клубуна 2:1 эсебинде утулгандан кийин башкы машыктыруучусу Рональд Куманды кызматтан кетирүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, бул жеңилүүдөн «Барселона» Испания чемпиондугунда чемпион болуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууган. Учурда «Барселона» 76 упайы… Кененирээк…

111 жаштагы австралиялык Декстер Крюгер узак жашоо сыры менен бөлүштү

111 жаштагы австралиялык Декстер Крюгер узак жашоо сыры менен бөлүштү. Жергиликтүү басылмага берген маегинде ал башкы сыр туура тамактанууда деди. Алсак, Крюгер тамакка тооктун мээсин кошуп жегенди жакшы көрчү.   Андан тышкары, анын рационунун негизги бөлүгүн өзү огороддо өстүргөн жер-жемиштер түзөт. Австралиянын эң улгайган адамы… Кененирээк…

Июнь айы адаттагыдан ысык болот

Июнь айы адаттагыдан ысык болот. Кыргызгидромет жайдын алгачкы айына карата болжолдуу аба-ырайын түздү. Ысык-Көл жана Нарын облусунан башка аймактарда температура бир градуска нормадан жогору болот.   Ал эми жаан-чачын норманын тегерегинде күтүлөт. Бир гана Ош облусунда ысык болгону менен, жаан дагы көп жаашы болжолдонууда.

Жаздын келиши менен Суусамыр өрөөнүнө мал кайтарылууда

Жаздын келиши менен Суусамыр өрөөнүнө мал кайтарылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу, Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымына тиешелүү Көлбаев туннели маал-маалы менен жабылып турат.   Бул унаалардын жана малдын коопсуздугу үчүн кабыл алынган чара.

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн босого упай быйыл өзгөргөн жок

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн босого упай быйыл өзгөргөн жок. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен эскертишти.   Андан белгилешкендей, эки жылдан бери окуучулар онлайн форматта билим алганын эске алып, өзгөртүүлөрдү киргизбей туруу чечими кабыл алынды.   Босого упай – абитуриенттерди жогорку окуу жайга контракт негизинде… Кененирээк…