Токиодогу Олимпиада оюндары өз убагында өтөт

Токиодогу Олимпиада оюндары өз убагында өтөт. Бул тууралуу уюштуруу комитетинин президенти Сэйко Хашимото жарыялады. Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам айрым чиновниктер жана медициналык эксперттер Олимпиада башка маалга жылдырылышы мүмкүн деп айтышкан болчу.   Оюндарга көрүүчүлөр киргизилеби, жокпу азырынча белгисиз.   Ушул жайда өтө турган оюндарга… Кененирээк…

Дин иштери боюнча комиссиянын башчысы үчүнчү ирет алмашты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июнда кол койгон жарлыкка ылайык, Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды.   Ага чейин бул кызматта Медер Карабаев иштеп келген.   Абдыкаров Юстиция министрлигинин расмий каттоосунда «Транс Бутик» аттуу дүңүнөн соода кылган жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси катары… Кененирээк…

Маршруттук таксилер жок үчүнчү күн

Маршруттук таксилер жок үчүнчү күн. Айдоочулары иш таштоосун улантууда. Алар бүгүн дагы линияларга чыккан жок.   Мындай абал дагы канча созулат белгисиз. Эске салсак, маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылууда.   Ал эми мэриядан бул суроо сентябрда гана чечилет деп жарыялашты. Шаар тургундары… Кененирээк…

Кытайда үйлөнгөндөр көбөйүүдө

Кытайда үйлөнгөндөр көбөйүүдө. 5 күндө эле 400 миңден ашык түгөй баш кошту. Бакыт үйлөрүндө узун кезектер жаралып жатат. Кытайда пандемияга байланыштуу көптөр үйлөнүү тоюн токтото турушкан.   Эми чектөөлөр алынып, баш кошкондордун саны 200 пайызга көбөйдү. Фотограф, видеограф жана чач-тарач сыяктуу той адистери талашка түшүүдө.

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов эл аралык мелдеште дагы эки коло медалга ээ болду

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов эл аралык мелдеште дагы эки коло медалга ээ болду. Ал брасс ыкмасы менен 50 метр аралыкты 28 секундда, ал эми 200 метрди 2 мүнөт 12 секундда сүзүп өтүп, үчүнчү байгелүү орунду багындырды.   Эске салсак, Петрашов бир нече күн мурда… Кененирээк…