Токтогулда Комуз күнү белгиленди

Комуз күнүнө арналган жана залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине карата Токтогул шаарынын борбордук аянтында майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, майрамга райондук балдар музыкалык мектебинин жана балдар чыгармачылык үйүнүн комузчулары катышты. Алар айтылуу Т.Сатылганов, К.Досуев, А.Огомбаев, К.Орозов жана бакшалардын күүлөрун чертишти.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет.

 

Иш-чара быйыл бешинчи ирет өтөт. Быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат.