Маршруттук таксилер жок үчүнчү күн

Маршруттук таксилер жок үчүнчү күн. Айдоочулары иш таштоосун улантууда. Алар бүгүн дагы линияларга чыккан жок.

 

Мындай абал дагы канча созулат белгисиз. Эске салсак, маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылууда.

 

Ал эми мэриядан бул суроо сентябрда гана чечилет деп жарыялашты. Шаар тургундары көнүп калган маршруттук таксилердин жоктугуна бир чети нааразы болсо, бир чети көчөлөр бошоп, аба тазарганына кубанууда. Ал эми автобустар байма-бай каттамдарга чыгып, түнгө чейин тургундарды ташып жатат.

 

Эгер мэрия автобус жана троллейбустардын санын көбөйтсө, маршруттук таксилерге муктаждык толугу менен жоюлат, — деп шаар тургундары айтышууда.