Өзбекстан Баткен облусунун Самаркандек айылына заманбап мектеп куруп берет

Өзбекстан Баткен облусунун Самаркандек айылына заманбап мектеп куруп берет. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жаңы билим берүү мекемеси учурдагы гимназиянын ордуна тургузулат. Анын имараты мындан 70 жыл мурда курулган жана бүгүнкү күндө жараксыз абалда турат.

Кыргызстанда доллар туруктуу болбой жатат

Кыргызстанда доллар туруктуу болбой жатат Америкалык валюта дээрлик 85 сомго чейин кымбаттагандан кийин кайрадан арзандап баштады. Бүгүн ордо каладагы акча алмаштыруу жайлары 1 долларды 83 сом 70 тыйындан сатып алып, кайра 50 тыйынга кымбат сатышууда. Муну менен жуманын башынан бери доллардын наркы 60 тыйынга арзандады.

Жапаровдун Түркияга расмий сапарынын алкагында 9 документке кол коюлду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында ар кыл тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Президент Садыр Жапаров менен Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Мындан тышкары, төмөнкү документтерге… Кененирээк…