Кыргызстанда доллар туруктуу болбой жатат
Америкалык валюта дээрлик 85 сомго чейин кымбаттагандан кийин
кайрадан арзандап баштады. Бүгүн ордо каладагы акча алмаштыруу жайлары
1 долларды 83 сом 70 тыйындан сатып алып, кайра 50 тыйынга кымбат сатышууда.
Муну менен жуманын башынан бери доллардын наркы 60 тыйынга арзандады.