2023-жылдын аягына чейин Кыргыстанга 5G технологиясын киргизүү пландалууда

2023-жылдын аягына чейин Кыргыстанга 5G технологиясын киргизүү пландалууда. Анын алкагында 600 чакырымга созулган телекоммуникациялык тутум курулат, — деди санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева. Анын айтымында, бул максатта атайын жумушчу топ түзүлдү. Бүгүнкү күндө технологияларды сатып алуу боюнча жана операторлор менен иштер жүрүп жатат.… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 351 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 351 адам ковидди жеңип чыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, сакайгандардын көбү Бишкекке, Чүй жана Ош облустарына туура келет. Ушуну менен өлкөдө пандемия катталгандан бери 101 миң 715 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Франциянын президенти Эммануэль Макронду жаакка чабышты

Франциянын президенти Эммануэль Макронду жаакка чабышты. Мындай окуя өлкө башчынын Дрон департаментине болгон сапарында катталды. Макрон аны күтүп жаткан адамдарга учурашканы келген. Ошол учурда бир эркек аны жаактан ары чаап жиберди. Ишке күзөтчүлөр аралашты. Мактонду алып кетишти, ал эми адаттан тышкары нерсени жасаган адам кармалды.… Кененирээк…

Коронавируска каршы вакцина Кыргызстанга жетиштүү көлөмдө келе элек

Коронавируска каршы вакцина Кыргызстанга жетиштүү көлөмдө келе элек. Буга байланыштуу аймактардагы жашоочулардын баары ала албай жатышат, — деди Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев. Анын айтымында, өлкө боюнча вакцина өз убагы менен жеткирилүүдө. Препараттын аздыгына байланыштуу өлкө боюнча 137 эле пункт ачылган. Ири шаарларда… Кененирээк…

Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форуму өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июнда Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты. Мамлекет башчылары иш-чарага келгенден кийин Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды. Андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана… Кененирээк…

Ордо калаанын Валиханов көчөсүндөгү газондорду гүл композициялары кооздоп жатат

Ордо калаанын Валиханов көчөсүндөгү газондорду гүл композициялары кооздоп жатат. Жолдун жээгине “Бишкек 2021” жана “Кыргызстан 30 жыл” жазуулары пайда болду. Мындай идеянын ишке ашыруу үчүн 75 миңден ашык назик өсүмдүк отургузулду. Иштерге “Тазалык” ишканасынын 12 кызматкери тартылды.

Бишкектеги бир катар көчөлөрдүн курулушу пландалган мөөнөттөн кеч аяктайт

Бишкектеги бир катар көчөлөрдүн курулушу пландалган мөөнөттөн кеч аяктайт. Мэриянын маалыматына ылайык, Ажыбек Баатыр көчөсүнүн бир тилкеси 1-июлда пайдаланууга берилет. Буга чейин оңдоо иштери 1-июнда бүтөт деп күтүлүп жаткан. Иштер башка көчөлөрдө да созулушу ыктымал, кайсыларда экени так айтылбайт. Мэриядан белгилешкендей, көчөлөрдү ондоо иштери жол… Кененирээк…

Кыргызстанда жалпысынан 88 миң 178 адам коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда жалпысынан 88 миң 178 адам коронавируска каршы эмделди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, анын ичинен 47 миң 400ү экинчи дозаны алды. Ал эми аймактар боюнча айта турган болсок, вакцина алгандардын көбү Бишкекке, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарына туура келет. Белгилеп кетсек, вакцинация өлкөгө жеткирилген 190… Кененирээк…

Кыргызстанда Нарын облусунун Ат-Башы районунда логистикалык борбор куруу оюна кайтып жатышат

Кыргызстанда Нарын облусунун Ат-Башы районунда логистикалык борбор куруу оюна кайтып жатышат. Анын демилгечиси мамлекеттик бажы кызматы. Ведомство курулуш иштерин мамлекеттик – жеке өнөктөштүктүн алкагында курууну сунуштады. Бул жерде бажы товарларын каттоо, жеткирүү, сактоо жана башкалар боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Объектинин кубаттуулугу суткасына 100гө чейин жук ташуучу… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 5ке чейин Москва, Раззаков, Токтогул, Эркиндик бульвары көчөлөрүн бириктирген бөлүктө, Шүкүров, Суванбердиев, Карадарыя тилкелеринде жана «Арча-Бешик», «Ак-Өргө», «Ак-Босого», «Ак-Ордо» «Тынчтык» жана «Бакай-Ата» конуштарында электрэнергиясы чектелет.