Түндүк-түштүк альтернативалык унаа жолунун Жумгал районундагы бөлүгүн кытайлык компания курат

Түндүк-түштүк альтернативалык унаа жолунун Жумгал районундагы бөлүгүн кытайлык компания курат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, салына турган Эпкин — Баш-Кууганды тилкесинин узундугу 70 чакырымды түзөт. Жолду салууга 39 миллион доллар багытталат. Каражат Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыядан берилет. Эске салсак, курулуш иштерин жүргүзө турган аталган… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында электр энергиясы өчүрүлөт. «Түндүк электрден» билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 7ге чейин Ветеринар, Исанов, Самойленко, Кырман, Баялинов, Жамбул, Байтик баатыр, Горький, Кулатов, Достоевский, Субан-Ата, Исакеев, Школьная жана Үсөнбаев көчөлөрүндө, ошондой эле Энесай, Керемет, Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ак-Босого, Кара-Жыгач конуштарында жарык жок болот.  

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Бангладештин тайпасын жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Бангладештин тайпасын жеңди. Оюн 3:2 эсебинде жыйынтыкталды. Жолдоштук беттеш Бишкекте Азия чемпионатына тандоого даярдыктын алкагында өттү. Эске салсак, буга чейин «Үч улуттун кубогу» жолдоштук мелдеши өтүп, Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш командалары арасынан биздин курама жеңүүчү болгон. Улуттук команда палестиналыктарды… Кененирээк…

Бишкектеги мектептер 2022-23-жылдар аралыгында газ менен жылытууга өткөрүлөт

Бишкектеги мектептер 2022-23-жылдар аралыгында газ менен жылытууга өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Учурда, билим берүүчү 41 мектептин 10у электр энергиясы, 18и көмүр, 11и газ жана эки мектеп буу менен жылытылат. Быйыл дагы №19, 21 мектептер көгүлтүр от менен жылытууга өткөрүлдү. Белгилеп кетсек, план… Кененирээк…