Нарын шаарында 22-23-октябрь күндөрү жалпы ишембилик өтөт

Нарын шаардык мэриясы шаар аймагындагы күзгү жалбырактарды жана таштандыларды жыйноо максатында 22-23-октябрь күндөрү жалпы ишембилик өткөрөт. Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул күнү мекеме-ишкана жамааттары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарын тазалашат. «Урматтуу шаарыбыздын тургундары күзгү жалпы ишембиликке жигердүү катышып, шаарыбызды таштандыдан арылтууга чыгыңыздар. Ал эми… Кененирээк…

Мындан ары мэр жана аким президент тарабынан дайындалат

Мындан ары мэр жана аким президент тарабынан дайындалат. Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, райондун акимин, шаар мэрлерин президент дайындайт. Акимди дайындоодо жана бошотууда президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңеши менен Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу каралат. Андан тышкары, акимдердин укугу кеңейет, муну менен… Кененирээк…

Кыргызстанда чара көрүлбөсө күйүүчү май дагы 9 сомго кымбаттайт

Кыргызстанда чара көрүлбөсө күйүүчү май дагы 9 сомго кымбаттайт. Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канат Эшатовдун айтымында, октябрдын башында Россиядагы заводдордон кое берилбен баалар өстү. Бир тонна отундун баасы 100 долларга көтөрүлдү. Бул өз кезегинде Кыргызстан боюнча 40тан ашык күйүүчү май сатуу түйүндөрүнүн жабылышына алып келди.… Кененирээк…

Кыргызстандык балбан кыздар дүйнө чемпионатына барат

Кыргызстандык балбан кыздар дүйнө чемпионатына барат. Күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулар арасында өтө турган дүйнө биринчилигине Айпери Медет кызы жана Назира Марсбек кызы аттанат. Аларды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат. Чемпионат 1-7-ноябрь аралыгында Сербиянын Белград шаарында өтөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери кумшекер 2 сом 33 тыйынга кымбаттады

Кыргызстанда жыл башынан бери кумшекер 2 сом 33 тыйынга кымбаттады. Мындай маалыматты улуттук статистика комитетинен беришти. Сентябрдын жыйынтыгы менен кумшекердин 1 килограммы 65 сом болчу. Ал эми 20-октябрга карата 67 сом 50 тыйынга өстү. Көрсөткүч былтыркы жылдын октябрына салыштырмалуу 28 пайызга же 15 сомго кымбаттады.… Кененирээк…

Бишкекте Спорт фестивалы өтөт

Бишкекте Спорт фестивалы өтөт. Мэриядан билдиришкендей, иш-чара Ден соолук сейил багында 23-октябрда уюштурулат. Анда Бишкектеги спорттук мектептердин машыктыруучулары, олимпиада жеңүүчүлөрү, Дүйнө чемпиондору, Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү мастер – класстарды өтөт. Фестиваль ар кандай курактагы балдарга өспүрүмдөргө спорттун түрлөрү менен таанышууга, спорттук жабдууларды үйрөнүүгө жана спортту тандап… Кененирээк…

Ошто 22-октябрь, эртеңден тартып жылуулук берилип баштайт

Ошто 22-октябрь, эртеңден тартып жылуулук берилип баштайт. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, 1-2 күндүн ичинде бардык керектөөчүлөрдүн батареялары жылыйт. Жалпысынан Ош шаарында 600дөн ашык көп кабаттуу үй, 97 билим берүү мекемеси, 32 саламаттыкты сактоо мекемеси, ошондой эле жогорку жана орто окуу жайларынын имараттары жылуулук менен камсыздалат.… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Ведомствонун каржы башкармалыгынын жетекчиси Анаркул Нурмамбетова билдиргендей, 2022-жылдын 1-январынан баштап министрликтин аскер кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга көбөйөт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул үчүн бир жылга 312,5 миллион сом керектелет. Учурда башкармалыктын башчыларынын кызматтык маянасы 12 миң сомду түзөт. Бөлүмдөрдүн… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү. «Түндүк электрдин» маалыматына ылайык, бүгун кечки саат 6га чейин Осмонкул, Дачный жана Арал көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ак-Босого, Арча-Бешик, Ала-Тоо, Кара-Жыгач конуштарында электр энергиясы жок болот. Убактылуу өчүрүүлөр планга ылайык оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунда

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунда. Анда 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен аялдардын коопсуздугу боюнча Казакстан биринчи сапта турат, андан кийин Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан. Кыргызстан барынан артта. WPS индекси боюнча Финляндия, Норвегия, Дания жана Люксембург аялдар үчүн эң… Кененирээк…