Кыргызстанда чара көрүлбөсө күйүүчү май дагы 9 сомго кымбаттайт

Кыргызстанда чара көрүлбөсө күйүүчү май дагы 9 сомго кымбаттайт.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канат Эшатовдун айтымында,

октябрдын башында Россиядагы заводдордон кое берилбен баалар өстү.

Бир тонна отундун баасы 100 долларга көтөрүлдү. Бул өз кезегинде Кыргызстан

боюнча 40тан ашык күйүүчү май сатуу түйүндөрүнүн жабылышына алып келди.

Эгер мындай жол менен кете берсе, өлкөдөгү бардык сатуу түйүндөрү жабылышы ыктымал.

Көйгөйдү күйүүчү майга болгон салыкты убактылуу төмөндөтүү менен чечсе болот.

Мунай ташуучулар 1-ноябрдан 31-декабрга чейин акциз салыгынын ставкасын

убактылуу төмөндөтүп жана дизель майын импорттоодо кошумча

нарк салыгынан бошотууну сунуштап жатат.