Кыргызстанда коронавирус жуктургандар кайра көбөйө баштады

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду. Үчөө тең вакцина албагандар. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2661 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 124 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек… Кененирээк…

Баткен шаарында кечкисин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Баткен шаардык кеңеши 26-октябрдагы отурумунда шаардын аймагында кечки саат 21:00дөн эрте мененки саат 9:00гө чейин спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизген токтом кабыл алды.   “Алкоголдун зыяндуу жактарын эске алуу менен коомдук тартипти сактоо максатында шаардык кеңештин депутаттары спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү боюнча токтом кабыл… Кененирээк…

Илон Масктын байлыгы бир нече күндө эле 42 миллиард долларга көбөйдү

Илон Масктын байлыгы бир нече күндө эле 42 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу Forbes басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, учурда Тесла жана Спейс Икс компанияларынын негиздөөчүсүнүн эсебинде 270 миллиард доллар бар.   Ал Джефф Безосту артта калтырып, кайрадан дүйнөнүн эң бай адамы аталды. Мунун себеби… Кененирээк…

Бишкектин бир катар райондорунда таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар райондорунда таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, 28-октябрда 7-апрель, Горький, Достоевский жана темир жол линиясын бириктирген бөлүктө эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин муздак суу жок болот.   Убактылуу чектөөлөр суу бөлүштүргүчтөгү оңдоо иштерине байланыштуу. Тургундарга сууну запастап алуу сунушталат.

УКМК айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарларын кармады

Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министринин М.И. аттуу азыркы жана И.А.С. аттуу мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.   Ага ылайык, айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоодо бир нече жыл бою атайылап тоскоолдуктарды жаратып, өз ара сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана… Кененирээк…

Жаштар Фейсбук социалдык тармагына кызыгуусун жоготууда

Жаштар Фейсбук социалдык тармагына кызыгуусун жоготууда. Bloomberg агенттигинин изилдөөсүнө ылайык, өспүрүмдөр 2020-жылга салыштырмалуу 16 пайызга сайтта аз отурат. 18 жашка чыкканда 5 пайызга азыраак сайтка кирди.   Быйыл социалдык тармактагы алгачкы катталуунун орточо жаш курагы 19дан 25ке көтөрүлдү.   Адистердин айтымында, бул жаштардын башка соцтармактарга… Кененирээк…

Өзбекстан Баткен облусуна эки мектеп куруп берет

Өзбекстан Баткен облусуна эки мектеп куруп берет. Аталган долбоорду парламенттин профилдик комитети жактырды.   Ага ылайык, коңшу өлкөнүн өкмөтү Баткен районунун Самаркандек айылына жана Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу мектептерди куруп, керектүү жабдуулар менен камсыздайт. Муну менен катар окуу имараттарын Кыргызстандын менчигине өткөрүп берет.… Кененирээк…

Кыргызстан жана Казакстан товардын транзити боюнча жаңы эрежелерди макулдашты

Кыргызстан жана Казакстан товардын транзити боюнча жаңы эрежелерди макулдашты. Биздин өлкөнүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Эльдар Алишеров билдиргендей, казак бажы кызматкерлери Кыргызстандан Россияга бара жаткан же Россиядан келе жаткан жүк ташуучу унааларды текшербеши үчүн, электрондук навигациялык пломбалар колдонулат.   Андан тышкары, биздин өлкөдөн… Кененирээк…

Лионель Месси быйыл “Алтын топко” башкы талапкер

“ПСЖнын” аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси быйыл “Алтын топко” башкы талапкер. Чет элдик басылмалар жазышкандай, Мессиге суралгандардын 34 пайызы добушун берди.   Белгилеп кетсек, аргентиналык форвард дагы эле мыкты формада. Быйыл ал 40 гол киргизип, 14 жолу ийгиликтүү пас берди.   Экинчи орунда мадриддик “Реалдын” чабуулчусу… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн Ан-Өстөн айылында спорт залы менен мектеп курулат

Ысык-Көлдүн Ан-Өстөн айылында спорт залы менен мектеп курулат. Курулуш иштерине тендерди Ысык-Көл өнүктүрүү фонду башкаруу дирекциясы жарыялады.   Планга ылайык, мектеп 275 орунга эсептелет. Аны курууга 100 миллион сомдон ашык каралды.