Норвегияда коронавируска байланыштуу чектөөлөр алынды

Норвегия коронавируска байланыштуу чектөөлөр алынган скандинавиялык экинчи өлкө болуп калды.   Аталган мамлекетте омикрон штаммы жайылып жатканына карабай, ооруканаларга түшкөндөр көп эмес.   Белгилеп кетсек, Норвегияда калктын 91 пайызы эмдөөдөн өттү.   Буга чейин Дания беткап тагынып жүрүү, коомдук жайларда аралыкты сактоо сыяктуу вируска каршы… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда логистика борбору пайда болот

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда логистика борбору пайда болот.   Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, айыл-чарба продукцияларын сактоочу жай 4 миллион долларга курулат.   Аны жеке ишкер салат жана жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Муну менен аймакта 100 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбеков дайындалды

Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбеков дайындалды.   Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.   Конституциялык мыйзамга ылайык, ал 5 жылдык мөөнөткө төрага болду.   Буга чейинки Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.