Кыргызстанда “Жашыл ипотека” долбоорун ишке киргизилет

Кыргызстанда “Жашыл ипотека” долбоорун ишке киргизилет. Министрлер кабинети бул программаны үстүбүздөгү жылдын апрель-июнь айларында ишке киргизүүнү пландап жатат.

 

Мындай демилге Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда жазылган. Долбоорду «Мамлекеттик ипотекалык компания» аркылуу ишке ашыруу каралууда.

 

Бул максатта Германия банкы 9 миллион евро бөлүп берет. “Жашыл ипотека” долбоорунун алкагында электр энергиясын үнөмдөө технологиясы менен курулган үйлөрдү сатып алууга ипотекалык насыялар берилет.