Кыргыз футболдук союзу логотибин алмаштырды

Кыргыз футболдук союзу жаңы логотибин жарыялады. Жаңыланган логотиптин түшүндүрмөсү КФСнин расмий сайтына жарыяланды.

 

«Логотиптеги тоо шумкары эркиндикти жана ылдамдыкты чагылдырып, ал топ менен куюлушуп, оюн талаасында анын таамай жана тез учуу сезимин жаратат. Шумкар кыргыз футболунун эрдигин, тайманбастыгын жана кыраакылыгын туюлтат.

Шумкар менен топ кыргыз футбол салтын улай эркиндигин да көргөзөт.

Союздун кызыл түсү —ар бир футболчу жана күйөрмандардын баалуулуктарын жана спортко берилгендигин даңазалайт. Кызыл – кыргыз элиндеги эзелтен келе жаткан лидерликтин, бекемдиктин жана эр жүрөктүүлүктүн түсү.

Көк түс – Футболдук союздун жаңы өздүк стилинде орун алып, кылдаттык, берилгендик жана кайраттуулукту чагылдырат. Биз бүгүнкү күндөгү футбол чөйрөсүндөгү мыкты көрсөткүчтөрдү сактап, аларды келечекте жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн пайдубал катары колдонобуз», — деп жазылат КФСнин билдирүүсүндө.